20
Октябрь
2025
ЖАҢЫЛАНДЫ Некролог – Сокинов Бактияр Муктарович
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы оор жоготууга учурады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Канцеляриянын регламент жана жыйындарды (кеңешмелерди) уюштуруу секторунун башчысы Сокинов Бактияр Муктарович 36 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Сокинов Бактияр Муктарович 1989-жылы 5-июлда Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.
2012-2016-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бажы иштери, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча эки жогорку билимге ээ болгон.
Бактияр Сокинов Президенттин Администрациясында иштеген алты жылдык эмгек жолунда референт, эксперт жана ушул жылдын март айынан бери сектор башчысы болуп иштеп жаткан. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин жардамчысы да болгон. Ага чейин эмгек жолун “Түндүк” темиржол бажысында оператор кызматында иштөөдөн баштаган.
Бактияр Сокиновго мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси чени ыйгарылган, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жана бир катар мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун сыйлыктары берилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан, жалпы Министрлер Кабинетинин атынан жана Президенттин Администрациясынын атынан Сокинов Бактияр Муктаровичтин жакын туугандарына, үй-бүлөсүнө анын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

А.А. Касымалиев, Д.Дж. Амангельдиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, М.М. Иманкулов, Б.А. Бекболотов, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, Н.К. Ташбеков, А.Р. Чынбаева, С. Абдумуталип, Д.Т. Орунбеков, Д.А., А.Ж. Алагозов, Алмазбеков, У.А. Апсаматов, А.Ж. Естебесов, Т.Н. Абылкасымова.