19
Октябрь
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чарага катышты
Бишкек, 2025-жылдын 19-октябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкесине, “АгроТехЭкспо–2025” агроөнөр жай көргөзмөсүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларга катышты.
Алгач МинКаб Төрагасы “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси жана “АгроТехЭкспо–2025” агроөнөр жай көргөзмөсү менен таанышты, анда иш-чаранын жүрүшү тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана ишкерлер маалымат беришти.
Белгилей кетсек, бул жарманкелер үч күндөн бери Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлүүдө. Алтын күз майрамынын алкагында — ишкерлер, фермерлер, дыйкандар, кайра иштетүүчүлөр, агротехниктер, ири ишканалар бири-бири менен жакындан таанышып, кызматташууларга өбөлгө түзүлүүдө. Мында коюлган айыл чарба товарлары керектөөчүлөргө арзан сатылууда.
Андан соң Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышкан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев тармактын кызматкерлерин Президент Садыр Жапаровдун жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөдөгү экономикалык өсүштөргө жана анын ичинде айыл чарба тармагындагы көрсөткүчтөргө токтолду.
“Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен өлкөнүн ИДПсы 10%дык өсүү менен баратат, номиналдык жактан 1,2 трлн сомду түздү. Мунун ичинде айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 348,4 млрд сомду түздү, 0,9 %дык өсүү темпин сактады. Ошол эле учурда: кайра иштетүү, тамак-аш продукттарын өндүрүү ИДПда эң көп болуп ал 40,1%ды түздү, ал эми курулуштар 34,8%ды түздү. Айыл чарбасынын кошумча дүң наркы 115,6 млрд сомго жетти, же айыл чарбасынын ИДПдагы үлүшү 9,3%ды түздү”, — деди ал.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык товарларга кызыгуу чет өлкөлөр тарабынан күчөгөндүгүн айтып, экспорттун көлөмү жогорулаганын билдирди.
“Тышкы соодада үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 5,7 млрд долларды түздү. Мунун ичинде Өзбекстан менен болгон соода карым-катнашыбыз январь-июль айларынын жыйынтыгы менен 20%га көбөйдү: импорт 15,7%га, ал эми экспорт 28%га өстү. Демек, жаныбыздагы мамлекеттер менен интенсивдүү соода-сатыктардын өсүшү сөзсүз өнүгүүгө алып келет. Мындан тышкары биздин товарларга Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынын кызыгуусу өскөндүгү катталды. Корея менен болгон соода 29,5%га өстү, мунун ичинде экспорт 14%га көбөйгөн, ал эми Эмираттар менен экспорт 17%га өстү”, — деди МинКаб Төрагасы.
Мындан тышкары, быйылкы жылдын түшүмдүүлүгү жөнүндө маалымат угулду. Маселен, күрүч быйыл жакшы жыйналды, 2025-жылы 362 миң центнер жыйналды, бул 11,2%га көп. Өлкөдө 9,4 млн центнер картошка казылып алынды. Азыр пахта, кызылча жыйноо терими бүтө элек. Ал эми буурчак 623 миң центнер жыйналды. Дан эгиндери боюнча 568 миң гектар жерге айдалган. Мөмө-жемиштер болсо, өлкөдө 2,8 млн центнер жыйналды. 2025-жылдын сегиз айында агроөнөр жай комплексинин дүң продукциясынын көлөмү 252,5 млрд сомду түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4%га көбөйгөн. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Россияга 40 тонна беденин үрөнү жана Японияга 1,6 тонна ашкабактын үрөнү экспорттолду. Быйыл биринчи жолу Жайыл районунда помидордун түшүмдүүлүгү гектарынан 120 тоннага жетип, дүйнөлүк рекорд коюлганы белгиленди.
“Ички азык-түлүк коопсуздук камсыздалмайынча элди багуу кыйын. Азыр Кыргызстан эң зарыл 9 азыктын алтоосун камсыздайт. Биз ЕЭКтин өкүлдөрү менен жолукканда дайыма өлкөлүк долбоорлорду жылдырууга аракет жасайбыз. Анткени өзүн-өзү камсыздоо жагынан Казакстан 87%, Кыргызстан 74%, Армения 67%ды түзөт. Ушул экономикалык интеграцияда экономикалык чалгындын мааниси азык-түлүк коопсуздугунда өзгөчө актуалдуу. Кыргызстаныбызды өнүктүрүүгө ынтымактуу аракеттер көп болсун. Эл үчүн ак ниетте ак кызмат кыла бериңиздер”, — деди ал.
Мындан тышкары, 2025-жылы 28 ишкана ишке кирип, жыл аягына чейин дагы 35 жаңы ишкана ишке кирээри айтылды.
Иш-чаранын соңунда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев айыл чарба тармагы боюнча өз ишинде ийгилик жараткан кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Алкыш баракчаларын тапшырды.