17

Октябрь

2025

Президенттин Администрациясында мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы байланыштын натыйжалуулугун күчөтүү маселеси талкууланды

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 17-октябры – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкөнүн мамлекеттик органдарынын басма-сөз катчылары менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуунун күн тартибине мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы байланыштын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле калкты ишенимдүү жана объективдүү маалымат менен камсыздоо маселелери кирди.

Жолугушууда өзгөчө республикада болуп өткөн акыркы окуялар боюнча мамлекеттик басма-сөз кызматтары жарандарды ыкчам маалымдоо жана мындай кырдаалдарга өз учурунда чара көрүү аракеттерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди

Отурумдун жыйынтыгында Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тарабынан басма-сөз кызматтарынын потенциалын мындан ары чыңдоого, бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгууга, мамлекеттик байланыштын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар далилдүү тапшырмаларды берилди жана бул максаттарга жетүү үчүн артыкчылыктуу багыттар аныкталды.