17
Октябрь
«Балдардын укуктарын коргоодогу ЖМКнын ролу: этика, коопсуздук жана кесипкөйлүк» темасында журналисттер үчүн тренинг өттү
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматы менен биргеликте ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 2025-жылдын 16–17-октябрында журналисттер үчүн «Балдардын укуктарын коргоодогу ЖМКнын ролу: этика, коопсуздук жана кесипкөйлүк» аттуу эки күндүк тренинг өткөрдү.
Тренинг БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2025–2028-жылдарга карата корутунду пикирлерин аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-февралындагы №104 буйругу менен бекитилген.
Журналисттердин балдардын укуктарын коргоодогу ролу өтө жогору, анткени дал журналистика коомдук пикирди жана күн тартибин калыптандырат — материалдардын сапаты жана тактыгы коомдун көңүл буруусунан жана балдардын көйгөйлөрүнө институттардын реакциясынан көз каранды. Дал ошондуктан тренинг укуктук, этикалык жана психологиялык куралдарды айкалыштырат, редакцияларга практикалык текшерүү баракчаларын жана иш-аракеттердин алгоритмдерин берет, кейстер менен иштөөгө, балдардан туура интервью алууга, купуялуулукту жана макулдукту сактоого, стигматизациялоочу лексикадан жана визуалдардан качууга, фактыларды жана булактарды текшерүүгө, зомбулуктун алдын алуудан тартып инклюзияга жана реабилитацияга чейинки системалык чечимдерди чагылдырууга үйрөтөт.
Күтүлүүчү натыйжа — материалдардын сапатынын өсүшү жана балдарга карата зомбулукка жана басмырлоого каршы турууда ЖМКнын алдын алуучу ролун бекемдөө, бул БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин корутунду пикирлеринин жыйынтыгы боюнча улуттук иш-чаралар планын аткарууну түздөн-түз колдойт.