16
Октябрь
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукту
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 16-октябры - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлине дагы токтолушту.
Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына кылдат даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Соңунда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын стратегиялык өнөктөштүктүн деминде мындан ары да бекемдөөнү өз ара ниеттерин билдиришти.