14
Октябрь
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын тышкы иштер жана экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто менен жолукту
Венгрияга болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын тышкы иштер жана экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Евробиримдиктин алкагында кызматташууну, анын ичинде санкцияларды талкуулашты.
Данияр Амангелдиев Кыргызстандын ырааттуу экономикалык өнүгүүсүн сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер менен санкция маселелери боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.
Тараптар эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүн, атап айтканда, саясий диалогдун бекемделишин, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү канааттануу менен белгилешти.