14

Октябрь

2025

Министрелер Кабинети камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинети камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрацияга квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө токтом кабылды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ “Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Токтом менен Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасындагы актуардык иш жөнүндө жобо; Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобо; Баалоочуларга, камсыздандыруу сюрвейерлерине жана аджастерлерге квалификациялык талаптар жөнүндө жобо бекитилди.

Токтом менен шилтеме аркылуу толук маалымат таанышууга болот: https://www.gov.kg/ru/npa/s/4725