14

Октябрь

2025

Министрлер Кабинети Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө токтом кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө токтом кабыл алды. 

Документ медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Токтом менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби; Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби бекитилди. 

Токтом менен төмөндөгү шилтеме аркылуу толук таанышууга болот. 

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4724