13

Октябрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйынын өткөрдү

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 13-октябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча негизги маселелер талкууланды.

МинКаб Төрагасы мамлекет шайлоо процессин мыйзамды так сактоо менен уюштурууга кепилдик берээрин, бардык катышуучуларга бирдей шарттарды камсыздап, административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын белгиледи.

Адылбек Касымалиев жооптуу мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участкаларында коомдук тартипти, электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону, ишенимдүү интернет байланышын камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.

МинКаб Төрагасы уюштуруу-техникалык жактан мүмкүн болуучу маселелерге ыкчам чара көрүү жана шайлоону ырааттуу өткөрүү үчүн бардык ведомстволор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу кызматташуусу зарыл экендигин белгиледи.

Республикалык штабга бардык тиешелүү түзүмдөрдүн иш-аракеттерин координациялоо жана тапшырмалардын аткарылышын жума сайын көзөмөлгө алуу тапшырылды.

“Штабдын негизги максаты – шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды түзүү жана шайлоону таза, ачык-айкын жана коопсуз өткөрүү”, - деп белгиледи МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.