10
Октябрь
2025
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жапон ишкерлер делегациясы менен жолугушту
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 10-октябры. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз-Япон кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Синдзи Тарутоко баштаган Япониянын бизнес-лидерлеринин делегациясы менен жолугушту.
Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы жана санариптик технологиялар тармактарын талкуулашты.
Эдил Байсалов кыргыз-жапон мамилелерин чыңдоого багытталган демилгелерди колдогону үчүн жапон тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Ардактуу консулу Мичинори Ётсухасинин салымын өзгөчө белгиледи. Ал тараптардын биргелешкен иши өлкөдө медицина илиминин жана практикасынын өнүгүшүндө маанилүү кадам болуп кала турган онкологиялык ооруларды изилдөө жана дарылоо боюнча Кыргыз-Япон диагностикалык борборун түзүүгө мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдирди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда ишке орноштуруу маселелери каралды. Өз кезегинде жапон тарап билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында гана эмес, спортту, атап айтканда футболду өнүктүрүүдө да өнөктөштүк келечеги бар экенин белгилеп, мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасы жаңы демилгелер жана кызматташуу форматтары үчүн ачык экенин белгилеп, жапон делегациясынын сапары Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн өнүгүшүнө кошумча түрткү берерине ишеним билдирди.