10
Октябрь
Асел Чынбаева Кыргызстанда Кыздардын эл аралык күнүн майрамдоого катышты
2025-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин (Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду) мамлекеттик, жеке жана коомдук сектордогу өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурган Кыздардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага катышты.
Иш-чара Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетте (БАЭУ) өттү. Иш-чарага Чүй облусунан 150дөн ашуун өспүрүм кыздар – ЮНИСЕФтин "Кыздар илимде" программасынын катышуучулары жана бүтүрүүчүлөрү, мектеп жана жаш эко-лидерлер, ошондой эле мамлекеттик структуралардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана инновациялык жана билим берүү мекемелеринин насаатчылары катышты.
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылып, кыздардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Иш-чаранын темасы – "Мен – өзгөрүүдөмүн: кризис шартында алдыңкы саптагы кыздар" – кыздардын климаттык жана социалдык кыйынчылыктарды жеңүүдөгү лидерлигине арналды.
Программанын алкагында "Кыздар илимде" долбоорунун катышуучуларынын шыктандыруучу баяндамалары, алардын экологиялык демилгелеринин презентациялары, STEM багыттары боюнча мастер-класстар жана жаш катышуучулардын ийгиликтерин жана кыял-жоруктарын бириктирген "Кыздардын мурасы дубалы" аттуу символикалык акция өттү. Ар бир кыздын билим алууга, лидерликке жана анын жашоосуна таасир этүүчү чечимдерге катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөрү болгон келечекти чагылдырган "Кыргызстандык кыздардын манифестин" иштеп чыгууга жана презентациялоого өзгөчө көңүл бурулду.
Асел Чынбаева мындай демилгелер кыздардын ишенимин бекемдөөгө, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана жаңы муунду өлкөнүн коомдук жана илимий турмушуна активдүү катышууга шыктандырууга жардам берерин белгиледи.