09

Октябрь

2025

Саламаттыкты сактоо форуму: алдын алуу, инновациялар жана ден соолукка инвестициялоо багыты

Бишкек, 2025-жылдын 9-октябры. – Борбор калаада "Ден соолугу чың адам – гүлдөгөн өлкө" (2019–2030-жылдар) программасын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктарына жана тармакты андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого арналган Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо форуму болуп өттү. Форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш сөз менен кайрылды.
 
Ал форумдун саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоонун негизги милдеттерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча катары уңгусун белгилеп, Саламаттыкты сактоо министрлигине жүргүзүлүп жаткан системалуу иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Эдил Байсалов жакынкы беш жылда саламаттыкты сактоону мамлекеттик каржылоонун көлөмүн үч эседен ашык көбөйтүү пландалып жатканын белгиледи. Эгерде 2025-жылдын бюджетинде бул максаттарга 44 млрд сом каралса, 2030-жылга карата саламаттыкты сактоо тармагындагы программаларды каржылоо 130 млрд сомго жетет.
 
«Биз медициналык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдик программасын кеңейтүүнү көздөп жатабыз — өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жарандар үчүн жеткиликтүү болгон кызматтардын тизмесин кыскартпастан, кеңейтебиз. Аялдардын жана балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулат: пренаталдык жана неонаталдык скринингдин улуттук программалары киргизилип, эмдөө жана оорулардын алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлөт. Өмүр сүрүү узактыгын жогорулатуу — алдыдагы беш жылдыктын негизги приоритеттеринин бири», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.
 
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев жарандардын саламаттыгына инвестиция салуу өлкөнүн туруктуу келечегине салым экенин баса белгиледи. Ал баштапкы звенону жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарын интеграциялоодо жетишилген ийгиликтерди белгилеп өттү, бул оорулардын азайышына жана калктын ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзөт.
 
Форумдун ишине БУУ системасынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун жыйынтыгында алдын алуу программаларын кеңейтүү, тармакты санариптештирүү, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана финансылык ачыктыкты күчөтүү боюнча чараларды караган Резолюция кабыл алынды.