08
Октябрь
Президенттин Администрациясында соцобъектилерди жана жолдорду курууга бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 8-октябрь - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев социалдык объектилерди жана автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Белгилей кетсек, комиссияны түзүү жөнүндө тиешелүү чечим ушул жылдын августунда кабыл алынган. Документке ылайык социалдык объектилерди куруу жана автомобиль жолдорун куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев комиссиялардын ишинин негизги максаты мыйзам бузууларды, кемчиликтерди жана натыйжасыз чыгымдарды аныктоо, аларды жоюу боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоо, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналаарын баса белгиледи.
Текшерүү менен 2022-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилди камтуу чечими кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу маселелери, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасын аныктоо жана башка маселелер каралды.