08
Октябрь
Президенттин Администрациясында транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун системасын киргизүү маселелери талкууланды
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 8-октябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун системасын киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT-блогу боюнча директорунун орун басары Айдиев Нурлан долбоордун максаттары, транспорт ээлери жана мамлекеттик органдар үчүн күтүлгөн артыкчылыктар, аныкталган көйгөйлөр жана чакырыктар, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги этаптары жөнүндө толук маалымат берди.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасы катышкан Евразия экономикалык союзунун мыйзамдары менен техникалык чечимдерди макулдашуунун маанилүүлүгүнө басым жасалды. Зарыл болгон ченемдик укуктук базаны, ошондой эле транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун колдонууну жөнгө салуучу маалыматтык камсыздоону иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Иштелип чыккан система жарандарга экспорттолуучу жана реэкспорттолуучу транспорт каражаттарына электрондук паспортторду алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле технологияларды сыноо жана жумуш процесстерин оптималдаштыруу үчүн пилоттук долбоорлорду этап-этабы менен ишке киргизүү маселелери талкууланды. Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.