08

Октябрь

2025

Айрым суу сактагычтарда балыкты өнөр жайлык жол менен кармоого мораторий киргизилди

Айрым суу сактагычтарда балыкты өнөр жайлык жол менен кармоого мораторий киргизилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү чечимге кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик маанидеги балык чарба суу объектилеринде жашаган бардык түрдөгү балыктарды өнөр жайлык жол менен кармоого (аулоого), ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана алып чыгууга үч жылдык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды (мораторий) жарыяланды. Атап айтканда, Токтогул, Базар-Коргон, Курпсай, Шамалдысай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарында убактылуу тыюу салынды.

Төмөнкү учурлар буга кирбейт: капаста балык өстүрүү; ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү; балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча бекитилген жылдык пландалган иштерди жүргүзүү; илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык популяциясынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү. Токтом балык запастарын сактоо, көбөйтүү, балыктын жашоо чөйрөсүн жана анын балык чарба суу объектилеринде көбөйүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине токтомдо көрсөтүлгөн суу сактагычтарда балык уулоо (кармоо) боюнча балык чарба документтерин берүүнү үч жылга убактылуу токтотуу тапшырылсын, төмөнкү учурларды кошпогондо: балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча белгиленген тартипте бекитилген жана макулдашылган пландуу иштерди жүргүзүү; суу биологиялык ресурстарынын абалына илимий-изилдөө иш-чараларын, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү; ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюшулган түрлөрүн жүргүзүү.

Ведомствого ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте жыл сайын илимий ихтиологиялык изилдөөлөрдү жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу сактагычтардагы чийки заттык балык запастарынын абалына мониторинг жүргүзүү аркылуу белгиленген мораторийдин балык запастарын сактоого жана көбөйтүүгө тийгизген таасирин баалоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылсын; мораторийдин колдонуу мөөнөтүндө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу сактагычтарды балыктандыруу жана балык запастарын көбөйтүү максатында карп жана өсүмдүк жеүүчү балыктардын түрлөрүн жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу тапшырылды.