06

Октябрь

2025

100 күндүк реформалар: Президенттин Администрациясында «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагындагы дагы эки реформанын жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешменин жүрүшүндө 100 күндүк реформалардын жыйынтыгын чыгарды.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында быйыл ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 10 реформа ишке киргизилгенин, алардын ичинен төртөө ийгиликтүү ишке ашырылганын жана бүгүн дагы эки реформанын жыйынтыгы чыгарылганын эске салды. Атап айтканда, жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Трансформациялоонун мурдагы тартиби бир жылдан ашык убакытты талап кылчу. Жумушчу топтордун аракетинин натыйжасында административдик тоскоолдуктар азайтылып, документтерди макулдашуу жана кароо мөөнөттөрү бир нече эсеге кыскартылды.

«Жаңы эрежелерге ылайык, шаар куруу жана археологиялык талаптар дифференцияланды, ал эми ашыкча документтер алынып салынды. Жыйынтыгында жер тилкелерин трансформациялоого кеткен убакыт бир жылдан үч айга чейин кыскарды. Мурда эң татаал этаптардын бири археологиялык корутунду алуу болчу. Адистердин жетишсиздигинен улам бул процесс үч айдан алты айга чейин созулчу, бирок азыр ал бир топ жөнөкөйлөштүрүлдү. Мурда айыл чарба багытында пайдаланылган жана калктуу конуштарга жакын жайгашкан жер тилкелери үчүн тарыхый-маданий мурастардын бар же жок экендиги жөнүндө корутунду талап кылынбайт. Калган учурларда корутунду алуу мөөнөтү 15–30 күнгө чейин кыскартылды. Бул өзгөрүүлөр өлкөдө инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууну тездетет, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат деп ишенимдүү айтууга болот», - деди МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев.

Андан ары Министрлер кабинетинин башчысы жарандар мамлекеттик органдарга берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүү талаптарын жоюу же жөнөкөйлөтүү боюнча экинчи реформанын жыйынтыгын чыгарды.

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу – биздин башкы милдеттерибиздин бири. Бирок буга чейин жарандар көптөгөн формалдуу жана керексиз талаптарга, атап айтканда, документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү түрдө нотариалдык жактан күбөлөндүрүүгө туш болушкан. Мындай талап билим берүү конкурстарына, кадрларды тандоого, социалдык программаларга катышууда жана жумушка орношууда болгон. Жарандар паспорттордун, дипломдордун, эмгек китепчелеринин жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн нотариустан күбөлөндүрүүгө аргасыз болушкан. Бул практика жарандарга реалдуу ыңгайсыздыктарды жаратты: убакытты коротууга, кезекте турууга, нотариалдык кеңселерге барууга, акча төлөөгө туура келди. Региондордо нотариустардын жетишсиздиги көйгөйдү курчутту. Кээде жарандар бир күбөлөндүрүү үчүн 200 сомдон 800 сомго чейин төлөшкөн – бул ашыкча каржылык жүк болгон. Бүгүн биз ишенимдүү түрдө айта алабыз: бул маселе чечилди. 100 күндүн ичинде мамлекеттик органдар өздөрүнүн ички регламенттерин кайра карап чыгып, ашыкча жана негизсиз талаптарды алып салышты. Мындан тышкары, e-Kyzmat порталынын жардамы менен документтерди электрондук түрдө тапшырууга болот», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын аткарган ишине жогору баа берип, кесипкөйлүгү жана ырааттуу натыйжалуу командалык иши үчүн ыраазычылык билдирди.