29
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Иннопром. Беларусь» эл аралык көргөзмөсүнө барып, Минск шаарындагы пленардык жыйында сөз сүйлөдү
Беларусь Республикасы, Минск шаары, 29-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев КМШга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчылары менен биргеликте «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, ошондой эле көргөзмөнүн алкагында «Жаңы технологиялар союзу: келечектин өнөр жайын түзүү» темасындагы пленардык жыйында сөз сүйлөдү.
Делегация башчылары улуттук павильондор коюлган көргөзмө залдары менен таанышты. Кыргызстандын павильонунда 10го жакын ишкананын өнөр жай продукциялары коюлган. Атап айтканда, радиаторлор жана жылуулук алмаштыргычтар, Майлуу-Суу лампа заводунун жана «Дастан» ТНКнын продукциялары, электромотороллерлер, компьютердик техника, жеңил өнөр жай буюмдары жана башка продукциялар көрсөтүлдү. Көргөзмөнүн алкагындагы пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстан үчүн өнөр жайды тездетүү бүгүнкү күндө экономикалык саясаттын эң маанилүү приоритеттеринин бири болуп саналарын белгиледи.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында экономика жалпысынан 11%га өстү, ошол эле учурда өнөр жай улуттук экономикага олуттуу салым кошууда – анын ИДПдагы үлүшү 18%га жетти.
Адылбек Касымалиев 2024–2025-жылдары 179 өнөр жай объектиси ишке киргизилип, инвестициянын көлөмү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, 14 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн кошумчалады.
«Бул чачыранды фактылар эмес, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин инвестицияларды стимулдаштыруу жана жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү боюнча системалуу чараларынын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы. Көрсөткүчтөрдүн өсүшү гана эмес, Кыргызстан үчүн сапаттык жактан башкача келечекти ачкан жаңы тармактардын жана кооперациялык долбоорлордун өнүгүшү да маанилүү фактор болуп саналат», - деди ал. Министрлер Кабинетинин Төрагасы республика инновациялар жана өнөр жай чечимдери эркин айланган бирдиктүү технологиялык мейкиндикти түзүүдө зор потенциалды көрүп жатканын белгиледи.
«Кыргызстан өнөктөштөр менен биргеликте «Жаңы технологиялар союзун» курууга даяр – өлкөлөрүбүздүн элинин бакубаттуулугу жана гүлдөп өсүшү үчүн», - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.