25

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев “Учкун” мамлекеттик басмаканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бишкек шаары, 2025-жылдын 25-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Учкун” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу, “Учкун” мамлекеттик басмаканасынын башкы директору маалымат беришип, жалпы ишмердүүлүк тууралуу презентация жасалды. 

Айтылган маалыматтарга ылайык, ишкананын – өлкөнүн билим берүү мекемелерине арналган окуу китептерди, ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду, айрым продукцияларга карата акциздик маркаларды, транспорттук техникалык паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү чыгаруудагы жүргүзулүп жаткан иштер белгиленди. 

Ошондой эле, басмакананын өндүрүштүк линиялары жаңыртылып, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалганы, натыйжада тиешелүү бардык стандарттарга жооп берген продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылды. 

Маселен, каржылык көрсөткүчтөр боюнча 2025-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде “Учкун” ачык акционердик коому алдын ала эсептөөлөр боюнча 2 млрд 461 млн 846 миң 662 сом өлчөмүндө жалпы киреше тапкан. Бул пландалган көрсөткүчтөн 124 млн 846 миң 662 сомго көп экени белгиленди. 

“Учкун” ачык акционердик коому Кыргызстандагы полиграфия тармагындагы алдыңкы ишкана экенин айткан, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев чыгарылган продукциялардын өзгөчө сапатына жана ишкана менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чыгарыла турган продукцияларды өз мөөнөтүндө даярдоо зарылдыгын билдирди.