Министрлер Кабинетинин 18.02.2026-жылдагы №116 токтому

Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн  жана калдыктарын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга тыюу салууну киргизүү жөнүндө

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин                                29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду; иштетилген катализаторлордогу металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун
 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 571 «Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                       А.А.Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу