КР Министрлер Кабинетинин 17.02.2026-ж., № 108 токтому

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 1022, 1023, 1024-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 1022, 1023, 1024-беренелерин ишке ашыруу, мектепке чейинки билим берүүнүн, жалпы билим берүүнүн, башталгыч кесиптик билим берүүнүн жана балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алуу тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 8-майындагы № 220 «Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун типтүү уставында:

44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«44. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору бардык категориядагы билим алуучуларды даярдоонун, кайра даярдоонун сапаты, Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим берүү процессинин убагында билим алуучулардын жана кызматкерлердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо жана толуктоо, мамлекеттик каражаттарды максаттуу чыгымдоо, инженердик-педагогикалык жамааттын иши үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, инженердик-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну 5 жылда бир жолудан кем эмес камсыз кылуу үчүн толук жоопкерчилик тартат.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 441 жана 442-пункттар менен толукталсын:

«441. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде кесиптик башталгыч билим алууга, коопсуз жана басмырлоосуз окутуу шарттарына, окутуунун тилин тандоого, ошондой эле физикалык жана психологиялык зомбулуктун бардык формаларынан жана адамдын кадыр-баркын басмырлоодон коргоого болгон укугун камсыз кылууга милдеттүү. 

442. Педагогикалык кызматкерлер, кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери кесиптик башталгыч билим алуу укугун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендеги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.».

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                     2024-жылдын 27-августундагы № 519 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жободо:

26-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«Баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуудан негизсиз баш тартуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.»;

51-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15, 16-пунктчалар менен толукталсын:

«15) бардык билим алуучулар үчүн билим алууга бирдей жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тартууга жол бербөөгө;

16) билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана психологиялык кысым көрсөтүүгө жол бербөөгө.»;

54-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 551-пункт менен толукталсын:

«551. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), педагогикалык кызматкерлер, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жалпы билим берүү уюмдары билим алуу укугун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендеги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.»;

59-пункттун экинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына» деген сөздөр менен толукталсын;

73-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 161, 162-пунктчалар менен толукталсын:

«161) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

162) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу жана педагогикалык кызматкерлерге, билим алуучуларга жана
 ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөтүү, ошондой эле кызматкерлерди аталган аракеттерге мажбурлоо үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;»;

78-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

«7) мыйзамсыз акча чогултууга жана билим алуучуларды жана ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) акча каражаттарын чогултууга мажбурлап катыштыруу максатында аларга психологиялык кысым көрсөтүүгө жол бербөөгө.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 781-пункт менен толукталсын:

«781. Педагог акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 901-пункт менен толукталсын:

«901. Коомдук фонддор жана башка уюмдар жалпы билим берүү уюмдарынын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган акча каражаттарын чогултуу үчүн пайдаланууга укугу жок.

Көрсөтүлгөн тыюу салууну бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык коомдук фонддордун жана башка уюмдардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилигине алып келет.».

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2025-жылдын 15-майындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жободо:

төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:

«261. Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУда баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тартуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.»;

27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:

«12) мектепке чейинки билим берүүгө тең жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тартууга жол бербөө.»;

31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУда акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:

«321. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), педагогикалык кызматкерлер, МЧБУнун жетекчилери балдардын мектепке чейинки билим алууга болгон укугун, ошондой эле балдардын Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган башка укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.»;

45-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 141, 142-пунктчалар менен толукталсын:

«141) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

142) акча каражаттарын мыйзамсыз чогулткандыгы жана педагогикалык кызматкерлерге, билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөткөндүгү, ошондой эле кызматкерлерди аталган аракеттерди жасоого мажбурлагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;»;

51-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

«7) мыйзамсыз акча чогултууга жана балдарды жана
 ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) акча каражаттарын чогултууга мажбурлап катыштыруу максатында аларга психологиялык кысым көрсөтүүгө жол бербөөгө.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 511-пункт менен толукталсын:

«511. Педагогикалык кызматкер акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга, ошондой эле билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 611-пункт менен толукталсын:

«611Коомдук фонддор жана башка уюмдар МЧБУнун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган акча каражаттарын чогултуу үчүн пайдаланууга укугу жок.

Көрсөтүлгөн тыюу салууну бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык коомдук фонддордун жана башка уюмдардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилигине алып келет.».

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 «Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо:

төмөнкүдөй мазмундагы 401-пункт менен толукталсын:

«401. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери балдарга Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган кошумча билим алуу укугун, билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.».

6. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте:

1) мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогикалык кызматкерлеринин, билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арасында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 1022, 1023, 1024-беренелеринде каралган жоопкерчилик чаралары жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүүнү камсыз кылсын;

2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 19-июнундагы № 388 «Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Тиркеме .pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                          А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу