КР Министрлер Кабинетинин 13.02.2026-ж., № 103 токтому

Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн контролдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып кирүүгө 2026-жылдын 1-мартынан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин. Бул тыюу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы аймагынан келип чыккан жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде жана Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде белгиленген тартипте Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өз ара сооданын алкагында өткөрүлүүчү товарларга, ошондой эле Кыргыз Республикасы аркылуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн транзит менен ташууга карата колдонулбайт.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

3,1 - тиркеме.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                  А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу