Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 9-беренесинин 3-бөлүгүн жана 179-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев