Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу процессин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибинде:
– 10-пункт «Саламаттык сактоо министрлиги» деген сөздөрдөн кийин «, ММК фонду» деген сөздөр менен толукталсын;
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5–7-пунктчалар менен толукталсын:
«5) Саламаттык сактоо министрлиги жана ММК фонду менен каржылоо, төлөө жана контракттардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
6) жараксыздары табылган же контракттын шарттарына ылайык келбеген учурда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды кайтаруу жана алмаштыруу боюнча ишти уюштурат;
7) толук жана өз убагында жеткирбөө тобокелдиктерин минималдаштыруу боюнча чараларды көрөт, анын ичинде кепилдик механизмдерин жана келишимдик санкцияларды пайдалануу.»;
– 12-пункт «Саламаттык сактоо министрлиги» деген сөздөрдөн мурун «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы,» деген сөздөр менен толукталсын;
– 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлигинен, ММК фондунан жана саламаттык сактоо уюмдарынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө контракттардын шарттарына ылайык өз убагында жана толук акы төлөөнү, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү суроого укуктуу.
Аванстык төлөмдөрдүн өлчөмү республикалык бюджеттен келип түшүүлөрдүн иш жүзүндөгү көлөмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каражаттарына жараша контракттын суммасынын 100 пайызына чейин түзүшү мүмкүн.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев