КР Министрлер Кабинетинин 13.02.2026-ж., № 101 токтому

Мезгилдүү басылмаларды кайра уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын  15-январындагы № 1 «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин
 92, 93-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:  

1. «Кыргыз Туусу» басма үйү», «Слово Кыргызстана» басма үйү» мекемелерин, «Байчечекей» балдар журналынын жана «Ала-Тоо»
 адабий-көркөм журналынын редакцияларын бириктирүү аркылуу «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрү болуп эсептелет деп аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезити; 

- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук «Слово Кыргызстана» гезити; 

-  «Байчечекей» балдар журналы; 

-  «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы. 

4. Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин курамында түзүлөт, иштейт жана юридикалык жактар болуп саналбайт деп белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

       жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 1-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн 7-тиркемеге ылайык;»; 

- 7-тиркеме ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 «Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-тиркеме ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«7) «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин 7-тиркемеге ылайык;»; 

- 7-тиркеме ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

9. «Жеткинчек» гезитинин редакциясы» мекемеси жана «Кырчын» журналынын редакциясы жоюлсун.

10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:

- «Жеткинчек» гезитинин редакциясы» мекемесин жана «Кырчын» журналынын редакциясын жоюу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;

- жоюу балансын бекитсин;

- өткөрүлүп берилген финансылык ресурстарды «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүүгө жана анын ишине максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

11. «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси:

- белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтсүн жана ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарын кайра каттоону жүргүзсүн; 

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн. 

12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-апрелиндеги № 215 «Слово Кыргызстана» басма үйүн түзүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-майындагы № 296 «Слово Кыргызстана» басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-майындагы № 298 «Кыргыз Туусу» басма үйүн түзүү жөнүндө» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы № 352 «Кыргыз Туусу» басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому.

13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1-тиркеме .pdf

2-тиркеме .pdf

3-тиркеме .pdf

4-тиркеме .pdf

5-тиркеме .pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                    А.А. Касымалиев



Тиркемелер

Басып чыгаруу