КР Министрлер Кабинетинин 13.02.2026-ж., № 98 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 12-августундагы № 448 «Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 «Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «9. Айыл чарба товар өндүрүүчүсү дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүнмө берет.

Айыл чарба товар өндүрүүчүсү өтүнмөгө түп нускаларын жеринде берүү менен төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн тиркейт:

1) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН;

2) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН;

3) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер жана/же ижара келишими). Аталган документтердин көчүрмөлөрү юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда ушул пунктта саналган документтерди талап кылуу жокко чыгарылат.»;

– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрүнүн тизмесин түзөт жана аларды ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтерди тиркөө менен 2 жумуш күндөн кечиктирбестен райондук комиссиянын кароосуна өткөрүп берет.»;

– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11. Райондук комиссия айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана дотациялык үрөн алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечимди арыз берилген күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрүн жактыруу жана аларды дотациялык үрөн алуучулардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кворум болгондо көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.»;

– 12, 18, 28-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«19. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган үрөнчүлүк чарбалар өтүнмөгө үрөн берүү боюнча төмөнкүдөй документтерди тиркейт:

1) төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн:

– жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН;

– юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН;

2) төмөнкүлөрдү ырастоочу документтердин түп нускаларын:

– үрөндүн сапатын жана билдирилген көлөмүнүн болушун;

– үрөндү өндүрүү чыгымдарын;

– салык төлөмдөрү, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бюджеттик кредиттер боюнча карыздардын жоктугун.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда ушул пунктта саналган документтерди талап кылуу жокко чыгарылат.

Берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн үрөнчүлүк чарбасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.»;

– 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«22. Райондук комиссия кабыл алган чечимдин негизинде үрөнчүлүк чарбасы менен үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын   ортосунда мамлекеттик дотация алууга тиешелүү келишим түзүлөт.»;

– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«26. Үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документтерин алгандан кийин айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде берилген үрөндөрдүн иш жүзүндөгү көлөмү боюнча мамлекеттик дотацияны төлөө жөнүндө чечим кабыл алат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                 А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу