КР Министрлер Кабинетинин 10.02.2026-ж., № 80 токтому

Санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмеги  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 151-беренесинин 6-бөлүгүнө, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 7-февралынан тартып күчүнө кирет.

Тиркеме pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу