Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 376 “Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер субъекттер үчүн ашыкча административдик тоскоолдуктарды болтурбоо максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 330-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт.”;
- 337-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт.”;
- 344-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт.”;
- 351-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алган квалификациялык күбөлүгүнүн болушу.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт;”;
- 357-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алган квалификациялык күбөлүгүнүн болушу.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт;”;
- 364-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алган квалификациялык күбөлүгүнүн болушу.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт;”;
- 370-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун Кыргыз Республикасында алган квалификациялык күбөлүгүнүн болушу.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн (сунушталган) учурда ушул пунктчада каралган квалификациялык күбөлүктүн болушу талап кылынбайт;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев