КР Министрлер Кабинетинин 28.01.2026-ж., № 30 токтому

Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө

Радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташууну камсыз кылуу жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук ченемдер жана стандарттар менен мыйзам чыгаруу базасын шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлөт.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме .pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                                 А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу