Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө
“Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 10,
13-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
2) Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын
8-декабрындагы № 528 “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
17-октябрындагы № 672 “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
18-сентябрындагы № 490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын
25-апрелиндеги № 221 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелеринде илимий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев