КР Министрлер Кабинетинин 30.01.2026-ж., № 41 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1-пунктта:

– төмөнкүдөй мазмундагы 2¹-пунктча менен толукталсын: 

“2¹) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеӊештеринин штаттык санынын чеги 2¹-тиркемеге ылайык;”;

– 3-пунктча “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын; 

3). ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 

2¹-тиркеме менен толукталсын; 

4). жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу