КР Министрлер Кабинетинин 29.01.2026-ж., № 37 токтому

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 468-беренесинин 6-бөлүгүн жана 473-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу, баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн баланы чыгаруу программасына тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалыматтарды чогултууну жана талдоону оптималдаштыруу, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен отчеттуулукту түзүүнүн электрондук базасын иштеп чыксын жана ишке киргизсин.

4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн баланы чыгаруу программасына тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев