Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү жөнүндө
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым 2026-жылдын 2-февралынан тартып 3-мартка чейин төмөнкүдөй өлчөмдө:
– резидент-жеке жактар үчүн 350 эсептик көрсөткүч;
– юридикалык жактар үчүн 550 эсептик көрсөткүч;
– резидент эместер үчүн 750 эсептик көрсөткүч;
2) уруксат бир жылдык мөөнөткө катталат деп;
3) транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын көрсөтүлгөн өлчөмү электромобилдерди кошпогондо, M1 жана M1G категорияларындагы траспорт каражаттарына жайылтылат деп.
2. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо тартибинин 3-пунктунун колдонулушу токтотулуп турсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев