Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1162-т тескемеси менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга
иш-аракеттер планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
– Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
– ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемеси; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 22-майындагы № 405-т тескемеси; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 23-августундагы № 727-т тескемеси; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 3-октябрындагы № 854-т тескемеси; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-ноябрындагы № 969-т тескемеси.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев