Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселелери жөнүндө
Билим берүү секторунда финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
50-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо ченемдерин аныктоонун методикасы
2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бир жылга бир билим алуучуга карата (эмгек акы төлөө фондусуз жана коммуналдык чыгымдарсыз) бюджеттик каржылоонун ченемдери
3-тиркемеге ылайык;
4) Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги
4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
20-сентябрындагы № 563 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибине которуу жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
28-декабрындагы № 843 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
4-майындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев