Министрлер Кабинетинин 22.01.2026-жылдагы №21 токтому

Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарына карата тарифтик жеңилдиктерди бөлүштүрүүнүн жол-жобосун бекитүү жөнүндө 

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 43, 45-беренелерине, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 111 чечимине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 “Евразия экономикалык бирлигин бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө” чечиминин 7-пунктунун 7.1.81-пунктчасына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коду менен классификацияланган электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарын ташып келүүнү жүзөгө ашырган жак, ушул жак ташып келген көрсөтүлгөн товарлардын саны жана алардын наркы жөнүндө маалыматтарды камтыган документти берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы: 

1) тарифтик жеңилдик берүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 111 “Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Бажы бирлигинин Комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимин жетекчиликке алсын; 

2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн документти берүү тартибин өзүнүн чечими менен бекитсин; 

3) товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган жактардын арызын алган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен, бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн документти берсин. 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 111 “Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Бажы бирлигинин Комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечими күчүнө кирген датадан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы     А.А. Касымалиев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу