Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 14.01.2026-ж., № 4 токтому

Регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө


2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелеринеКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2025-жылдын 27-июнундагы № 364Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын    

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу