КР Министрлер Кабинетинин 13.01.2026-ж., № 1 токтому

Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын, “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тартип.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу