КР Министрлер Кабинетинин 13.01.2026-ж., № 3 токтому

Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө 

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. 
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Устав .pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                  А.А. Касымалиев



Тиркемелер

Басып чыгаруу