КР Министрлер Кабинетинин 31.12.2025-ж., № 859 токтому

Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 51, 194-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмеги жана алардын жумуш убактысынын узактыгы тиркеме ылайык бекитилсин. 
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
     8-февралындагы № 39 “Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө” токтому;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
     5-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
     2008-жылдын 8-февралындагы № 39 “Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
  5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме .pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                 А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу