Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартибин иретке келтирүү максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “13. Чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мезгили төмөнкүдөй:
– визанын жана/же жашап турууга уруксаттын негизинде Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар визанын жана/же жашап турууга уруксаттын жарактуулук мезгилинде жүрөт;
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларусь, Казакстан, Россия) жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир жүз сексен күндүк мезгил ичинде жалпысынан 90 күнгө чейин жүрө алышат;
– ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин жарандары эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир алтымыш күндүк мезгил ичинде жалпысынан 30 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат;
– Өзбекстан Республикасынын жарандары эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир жүз жыйырма күндүк мезгил ичинде жалпысынан 60 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат;
– Сербия Республикасынын, Түркия Республикасынын, Украинанын, Монголиянын жарандары эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир жүз сексен күндүк мезгил ичинде жалпысынан 90 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат;
– Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султандыгынын, Бахрейн Падышалыгынын жарандары эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир үч жүз алтымыш күндүк мезгил ичинде жалпысынан 180 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат. Айрым чет мамлекеттердин жарандарынын жүрүү мезгилинин белгиленген мөөнөттөрү жок болгон учурда мындай жарандарга карата өз ара мамиле принцибине негизденүү менен жүрүү мөөнөттөрү колдонулат.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 13 1 -пункт менен толукталсын: “131 . 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим чет мамлекеттердин жарандары – Бириккен Улуттар Уюмунун паспортторунун (United Nations Laissez – Passer кызыл түстөгү паспорту) ээлери үчүн бир тараптуу тартипте киргизилет.”;
– жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
62-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев