Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 99-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетине (мындан ары – республикалык бюджет) сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынсын.
2. Республикалык бюджетке жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө анын жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде киргизилсин.
3. Республикалык бюджетке жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сунуштоо Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев