КР Министрлер Кабинетинин 29.12.2025-ж., № 1162-т тескемеси

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1.   2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.   Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Планда камтылган милдеттер жана иш-чаралар түзөтүлүшү мүмкүн деп белгиленсин.

3.   Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Пландын алкагында кийинки жылдык пландарды келерки календардык жыл башталганга чейин бир ай мурда даярдап турсун.

4.   Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн.

5.   Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

6.   Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

План 2030.pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                 А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу