КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2025-ж., № 837 токтому

 “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө

“Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


         1. “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
 25-сентябрындагы № 634 “Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында “Манас” терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2)-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме (2).pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                  А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу