Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук сигареталарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесин ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкү товарларды ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
– ЕАЭБ ТЭИ ТН 2404 12 000 0 коду боюнча классификациялануучу, бир корпуста никотин суюктугу бар электрондук сигареталарды жана никотинди жеткирүү системаларын;
– электрондук сигареталарда колдонуу үчүн арналган, ошондой эле ЕАЭБ ТЭИ ТН 2404 12 000 0 коду боюнча классификациялануучу картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотинди камтыган суюктуктарды.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлунан № 387 “Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук тамекилерди ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев