2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү, экономиканын туруктуу жана диверсификацияланган өсүшүн камсыз кылуу, кен казуу тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, заманбап кошумча нарк чынжырларын түзүү жана өлкөнүн ресурстук коопсуздугун чыңдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетижөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ресурстук наркын баалоо форматы 3-тиркемегеылайык;
4) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар секторун өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору:
1) ведомстволук иш-чаралар пландарын кабыл алуу менен Иш-чаралар планын өз убагында аткарууну жана Программанын индикаторлоруна жетишүүнү камсыз кылсын;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев