КР Министрлер Кабинетинин 03.12.2025-ж., № 773 токтому

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн киргизүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын башкарууга укук берүүчү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн жаңы үлгүсүн киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин 33-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн үлгүсү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү бул айдоочулук күбөлүктүн бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт деп; 

– Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн бланктары аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгү берилет деп. 

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор:

– Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасында алдыдагы ишке киргизүү жөнүндө чет мамлекеттерге маалымдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн керектүү сандагы үлгүсүн берсин;

– бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн персонификациялоого ыйгарым укук берилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасында алдыдагы ишке киргизүү жөнүндө чет мамлекеттерге маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1-тиркеме .pdf

2-тиркеме .pdf


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.А. Касымалиев




 

Тиркемелер

Басып чыгаруу