Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлинин кризистик белгилерге чейин төмөндөшүн болтурбоо, Кыргыз Республикасынын энергетика системасында электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер субъекттер стратегиялык объекттерди (анын ичинде маанилүү жана өзгөчө маанилүү объекттерди), иши күнү-түнү режиминде жүзөгө ашырылуучу жана коргоону, коопсуздукту, медициналык жардам көрсөтүүнү жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объекттерди жана мекемелерди, анын ичинде саламаттык сактоо мекемелерин, социалдык коргоо системасынын социалдык стационардык мекемелерин, авариялык-сактоо жана шашылыш кызматтарын кошпогондо, төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
– саат 18:00дөн 06:00гө чейин электр менен камсыздоону өчүрүүнү, ал эми билим берүү уюмдарында – окуу процесси аяктаган учурдан тартып ал башталганга чейин (имараттын иштешин жана сакталышын кармап туруу үчүн зарыл болгон инженердик системаларды жана жабдууларды кошпогондо);
– жарык берүүнү автоматтык түрдө өчүрүү максатында коридорлордо, санитардык-техникалык жана башка жумуш эмес жайларда кыймыл датчиктерин орнотууну.
2. Жогоруда аталган мамлекеттик (муниципалдык) органдардын/уюмдардын жетекчилери энергияны үнөмдөө режимин сактоого жооптуу кызмат адамдарын аныктасын жана аталган режимди бузуу үчүн жеке жоопкерчиликти белгилөө менен бул тескеменин аткарылышын контролдоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте бул тескеменин аткарылышына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүүнү уюштурсун жана анын жыйынтыгы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ар бир 15 күндө – айдын 1инде жана 15инде берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев