КР Министрлер Кабинетинин 08.11.25-ж., № 728 токтому

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин жана калкын 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүүгө даярдоо жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын нан азыктары боюнча азык-түлүк коопсуздугун кепилденген камсыз кылуу, агроөнөр жай комплексинин субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринсебүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштеринежана жыйноо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча туруктуу иштеген республикалык штаб 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүү аянттарынын түзүмүн аткарууну 2-тиркемеге ылайык камсыз кылсын;

2) эки жумалык мөөнөттө 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринсебүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштерине жана жыйноо өнөктөгүнөдаярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды иштеп чыксынжана иштердин жүрүшүнө ай сайын мониторинг жүргүзсүн;

3) бир жумалык мөөнөттө 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринсебүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштеринежана жыйноо өнөктөгүнөдаярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча облустук жана райондук туруктуу иштегенштабдарды түзсүн;

4)2-тиркемеге ылайык 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүү аянттарынын түзүмүнө ылайык өстүрүүнүн агротехнологияларын милдеттүү сактоо менен ата мекендик жана чет өлкөлүк селекциянын мыкты сортторунун үрөндөрүн пайдаланып, 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүүнү уюштуруунун зарылдыгы жөнүндө агроөнөр жай комплексинин чарбалык субъекттерине кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштеринжалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен жүргүзсүн;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы боюнча дан эгиндерин күздүк себүү графигин түзсүн; 

6) чарбалык субъекттердин айыл чарба техникаларын тартууну камсыз кылсын;

7) бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине райондор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер боюнча күздүк дан эгиндерин себүү аянттары жөнүндө маалыматтарды берсин;

8) тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын пайдалануу менен кайрак жана айдоо жерлерди өздөштүрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын;

9) 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүнө толук муктаждыкты толук көлөмдө топтоону уюштурсун, аларды себүүнүн алдында милдеттүү түрдө ууландыруу менен себүү кондициясына жеткирүүнү камсыз кылсын. Бул милдетти аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынынжетекчилерине жүктөлсүн;

10) дан эгиндеринин сертификатталган үрөндөрүн өндүрүүнү көбөйтүү үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү менен алдынкы үрөн чарбаларынын базасында ири үрөн кооперативдерин түзүү боюнча чараларды көрсүн;

11) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка чарбалык субъекттердин балансында турган ички чарба сугат тармактарын дан эгиндерин ным топтоочу, вегетациялык жана айдоо алдында сугаруу иштерин баштоогоөз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылсын;

12) жолдордун, арыктардын жана каналдардын жээгиндеги талаа коргоо тилкелерин калыбына келтирүү максатында көп жылдык көчөттөрдү, анын ичинде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн, ошондой эле талды, теректи жана карагайды отургузуу боюнча бир айлыктарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча чараларды көрсүн;

13) топурак иштетүүчү, себүүчү, жыйноочу, транспорттук, сууну өлчөөчү, дан жана үрөн тазалоочу жана дан кургатуучу техникаларды өз убагында жана сапаттуу оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн зарыл болгон запастык бөлүктөр менен комплекттөөдө агротехникалык сервистик кызматтарга көмөк көрсөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте 2026-жылы вегетацияга ирригациялык тармактарды даярдоо боюнча пландарды иштеп чыгууну камсыз кылсын; 

2) вегетациялык сугаттардын башталышына карата суу сактагычтарда, суткалык жөнгө салуучу бассейндерде жана башка көлмөлөрдө долбоордук көлөмдөргө чейин суунун топтолушун камсыз кылуу менен суу ресурстарынын агымдарын максималдуу пайдаланууну уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштеринежана күздүк дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүнөдаярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде ишке тартылган сугат насостук станциялардын, кырмандардын,механикалык устаканалардын жана башка көмөкчү кызматтардын ишин камсыз кылган электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:  

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба жаныбарларын контролсуз жаюудан улам эгин талааларын тепсеген жана түшүмдү жок кылган учурларды аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтсүн;

2) райондор менен облустардын ортосунда айыл чарба техникасын тоскоолсуз ташууну уюштуруу, анын ичинде зарыл учурда техниканы коштоо жана административдик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына мониторингжүргүзсүн жана баалар негизсиз өскөн учурда белгиленген тартипте күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын өсүшүнкармоого багытталгантиешелүү чечимди киргизсин. 

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен биргеликте баалардын өсүшүнө жол бербөө үчүн 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринсебүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштерине жана жыйноо өнөктүгүнөдаярдык көрүүдө зарыл болгон күйүүчү-майлоочу материалдарга жеңилдетилген бааларды аныктасын. 

8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

1) сел коркунучу, табигый катаклизмдер жана агрардык иш үчүн коркунуч туудурган башка факторлор бар экендигине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы дан эгиндеринин абалына комплекстүү мониторинг жүргүзүүнү уюштурсун жана жүргүзсүн;

2) сел жүрүү коркунучу болгон учурда  көрсөтүлгөн аймактарда мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 500-т тескемесине ылайык, бекитилген разнарядкалардын негизинде жана райондук мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 7 000 000 (жети миллион) литр дизель отунун сатып алуу баасынан төмөн эмес, бирок минималдуу рыноктук баадан жогору эмес баада Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун сунуштарын эске алуу жана рыноктун конъюнктура өзгөргөн учурда шарттарды кайра кароо укугу менен сатууну камсыз кылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чарба жүргүзүүчү субъекттин так жайгашкан жерин, аталышын, ИСНин, долбоорду ишке ашыруу стадиясын жана ишке киргизүүнүн пландалган мөөнөттөрүн көрсөтүү менен агроөнөр жай комплексинин объекттеринин (соода-логистикалык борборлордун, дан сактоочу жайлардын, элеваторлордун, муздаткыч жана кайра иштетүүчү ишканалардын ж.б.) жыйынды тизмесин түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана туракжай-коммуналдык чарба министрлигине берсин. 

10. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги агроөнөр жай комплексинин объекттеринин (соода-логистикалык борборлордун, дан сактоочу жайлардын, элеваторлордун, муздаткыч жана кайра иштетүүчү ишканалардын ж.б.) берилген тизмесинин негизинде көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана аларды чечүү боюнча сунуштар менен көрсөтүлгөн объекттергеинвентаризациялоо жана абалына талдоо жүргүзсүн. 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети айыл чарбасы боюнча статистикалык маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылсын, маалыматтарды толук эмес чагылдырган учурларды болтурбоо менен топтолгон статистиканын сапатына ички контролду уюштурсун.

12. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына республиканын облустарында жана райондорунда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштерине жана жыйноо өнөктөгүнөдаярдык көрүүүчүн зарыл болгон күйүүчү-майлоочу материалдарды 3-тиркемеге ылайык өлчөмдө мунай базаларында жана автомай куюучу станцияларда топтоону камсыз кылуусунушталсын.

13. “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр сунушталсын:

– мамлекеттик программалардын алкагында республикалык бюджеттен каржылануучу жеңилдетилген кредиттерди агроөнөр жай комплексинин субъекттерине өз убагында жана тоскоолсуз берүүнү камсыздоо; 

– республикалык бюджеттен каржылануучу агроөнөр жай комплексинин субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү боюнча мамлекеттик программалардын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине ай сайын берип турсун.

14. Министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринсебүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштерине жана жыйноо өнөктүгүнө даярдык көрүүгө тартылган мамлекеттик мекемелер, ишканалар жана чарбалык коомдор ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турсун.

15. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:

1) ушул токтом менен жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн министрликтердин жана ведомстволордунжетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин башчыларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине;

2)2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринсебүүгө, андан кийинки күзгү-жазгы талаа иштерине жана жыйноо өнөктүгүнө даярдык көрүү боюнча иштерди талаптагыдай даярдоо, өткөрүү, сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүүчүн Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына.

16. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

17. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев