Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө
Айлана-чөйрөнү коргоо, жарандардын жагымдуу экологиялык абалга болгон укугун камсыз кылуу жана Чүй облусунда жана Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу максатында, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларга жеткирүүнү кошпогондо, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында
0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы, “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын башка көмүр казуучу ишканалары көмүрдү сатууда бул токтомдун 1-пункту менен белгиленген чектөөлөрдүн так сакталышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасындагы көмүр казуучу ишканалары жана импорттук көмүрдү берүүчүлөр менен биргеликте бул токтомдун 1-пунктуна ылайык көмүрдүн пайдаланууга уруксат берилген түрлөрүн сатуу пункттарынын жетиштүү санда үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдү сатуу пункттарындагы бааларга мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын жана зарыл болгон учурда баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Бишкек шаарынын мэриясы:
1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурсун;
2) өз ыйгарым укуктарынын алкагында бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтомду ишке ашыруу аны аткарууга тартылган министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев