Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Акыл-эсинин жана дене боюнун өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар, ошондой эле оор оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү жана зарыл болгон психологиялык-педагогикалык, медициналык жана социалдык колдоону көрсөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37-беренелерин, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев